Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Аюп-Тоосуна "Жалал-Абад" стелласы курулуп жатат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, стеллада "Жалал-Абад" деген жазуу, бийиктиги 50 метрди түзгөн флагшток жана отургучтар орнотулат.
Ошондой эле айланасын көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Ал эми стеллага баруу үчүн тепкичтер курулууда.
Пикир
Оставить комментарий