• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абад шаарында газ менен жүргөн автобустар кайрадан каттамга чыкты

Аймак 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. 9-январдан тарта Жалал-Абад шаарында газ менен жүргөн автобустар кайрадан каттамга чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, автобустар өткөн жылдын декабрь айында күн суук болуп, газдын басымы төмөндөгөндүктөн Өзбекстанда метан куюучу бекеттерде узун кезек жаралып, чектөөлөр киргендигинин үчүн убактылуу каттамга чыкпай калган. Анткени, өлкөнүн түштүк аймагында метан куюучу бекеттер жок болгондуктан автобустар Өзбекстандан метан толтуруп келип жаткан.

Ушул тапта газ берүү кайрадан жанданып, автобустар коңшу Өзбекстандан метан куюп келип, 50 автобустун 20сы каттам жүргүзүүдө.

Шаар бийлиги көйгөйдү толук чечүү максатында Өзбекстандык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Сузак районунун шаарга жакын аймагына метан куюучу атайын станцияны куруу иши башталган. Учурда курулуш иштери 70%га аяктап калды. Жакынкы күндөрү метан куюучу бекет ишке киргизилип, автобустар толугу менен каттамга чыга баштайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата президент Садыр Жапаров 50 даана метан менен жүрүүчү автобус тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий