Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү сел каналдын 1 чакырым аралыгы таштандылардан жана ылайдан тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.
Белгиленгендей, каналдардагы таштандылар шаар көркүн гана бузбастан, жаан-чачында көпүрөлөрдүн астына топтолуп, шаарды сел каптоо коркунучу жаралат.
Мындан улам жергиликтүү бийлик шаар тургундарын жана конокторун айлана-чөйрөнү таза сактоого, арыктарга жана каналдарга таштанды таштабоого чакырат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан сел каналдар жыл сайын жазында тазалоодон өткөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий