• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаардын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев баштаган тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери ушул тапта Бишкекте башкы планды даярдоо боюнча талкууга катышууда.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен бир катар маселер талкууланууда.

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы ушул жылдын аягына чейин даяр болот.

Белгилей кетсек, даярдалып жаткан башкы планга ылайык, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс) эсебинен 4452 гектардан 7751 гектарга кеңейтилет. Ошондой эле шаарда бийик кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт шаар аймагынан жакын жайгашкан райондордун бирине көчүрүлөт.

Андан сырткары, өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталып, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы да толук камтылат.

Пикир

Оставить комментарий