• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки генералдык планы даярдалууда, - деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 3-декабрда, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер, шаардык кеңештин депутаты Наргиза Караева шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолукту. Анда шаардын башкы планы боюнча бир топ маселелер талкууланды.

Шаардын баш планын даярдап жаткан адистердин берген маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс) эсебинен 4452 гектардан 7751 гектарга кеңейтилет. Ошондой эле дарядалып жаткан генпланга ылайык, шаарда бийик кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт жок болот. Тагыраагы, ал Сузак районунун аймагына көчүрүлөт. Андан сырткары өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталат.

Белгилей кетсек, шаардын башкы планын даярдоого республикалык бюджеттен 5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 2,4 миллион сом жумшалууда. Ал 2023-жылы даяр болот.

Пикир

Оставить комментарий