Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндө эртең, 30-май күнү саат 09:00 – 17:00 чейин суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ленин көчөсүндө экинчи жер асты өтмөгүн куруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жер астындагы суу түтүктөрүн жылдыруу иштери жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий