Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эртең, 29-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын Спутник жана Көк-Арт кичи шаарчаларынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлгөнүнө байланыштуу саат 10:00дөн 18:00гө чейин суу берүү токтотулат.
Шаардык мэрия жарандарды жаралган жагдайды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат
Пикир
Оставить комментарий