Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-октябрь күнү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаанын Центральная, Архитектурная көчөлөрүндө, Канаттуулар фабрикасы (Птица фабрика) кичи шаарчасында саат 10:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий