• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Бүгүн Жалал-Абаддын эки кичи районунда суу берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичи районунда суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдордогу оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу бүгүн, 7-октябрда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Спутник, Көк-Арт кичи райондоруна суу болбойт.

Жалал-Абад мэриясы шаардыктардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, суу камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий