Жалал-Абад шаарынын Ибраимов көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ибраимов көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда жолдун бир тарабы асфальтталып бүттү. Жакынкы күндөрү экинчи тарабына асфальт басуу иштери жүргүзүлөт.

Жолдун узундугу 1151 метр, ал эми туурасы 14 метр болот. Алдыда жолдун эки тарабына темир-бетон арык куурларын жаткыруу иштери да жүргүзүлөт.

Аталган көчөнү реконструкциялоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий