Бишкек, 15.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы 200 метрди түзгөн Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, асфальт төшөө жумушун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” ишканасынын Жалал-Абад филиалы жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында 13 чакырым аралыкка тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий