• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Жалал-Абад шаарынын мэри Япониянын элчиси менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды.

Анда тараптар Япония өлкөсү менен Жалал-Абад шаарынын өз ара кызматташтыктагы алакалары, келечек пландар жана буга чейинки аткарылган жумуштар боюнча талкуу курушту.

Калаа башчысы Жалал-Абад Кыргызстандагы үчүнчү ири шаар экенин, анда социалдык-экономикалык, туризм жана коммуникация байланыш тармактарын мындан ары да өнүктүрүүгө толук кандуу шарттар бар экенин айтып, шаар бийлиги бул багыттардагы кызматташтыктарды жандатууга ар дайым даяр экенин кошумчалады.

Жолугушууда Япон өлкөсү Кыргызстандагы аны менен бирге Жалал-Абад шаарындагы балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө керектүү шарттарды жаратууга көмөк көрсөтүп келээрин, бул багыттагы аракеттер дагы да улантылаарын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий