Жалал-Абад шаарынын тургуну милицияга Kia K5 унаасын берди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну Акмалбек Закиров Kia K5 үлгүсүндөгү унаа тапшырды.

Облустук милициядан билдиришкендей, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөп, кызматкерлерге ыӊгайлуу шарт жаратаарын белгиледи.

Ошондой эле милицияга колдоо көрсөткөн Акмалбек Закировдун иштерине ийгиликтерди жана үй-бүлөсүнө бакыт каалады.

Пикир

Оставить комментарий