Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинде эмгектенген энелерге белек берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-майда "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин жетекчиси Айбек Жолдошев мекемеде эмгектенген энелерди жеринде Энелер күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Эске салсак, 17-май күнү тазалыктын 5 кызматкерине шаар мэри Эрнисбек Ормоков тарабынан да Энелер күнүнө карата белектер тапшырылган болчу.
Пикир
Оставить комментарий