Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин таштанды полигонундагы күзөткана оңдолууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, күзөткана бир топ жылдардан бери оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, каражат тартыштыгынан реконструкциялоо иши жүргөн эмес. Мындан улам аталган мекемеге жакында жетекчи болуп дайындалган Канат Турдукулов имаратты жеке ишкерлердин жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.
Турдукуловдун берген маалыматына таянсак, демөөрчүлөр тарабынан 300 миң сомдой акча каражаты чогулган. Ага таштанды полигонундагы күзөткана толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ал жерде эмгектенген кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий