• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Жалал-Абад: Тышкы инвестиция 14 эсе артты

Аймак 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында сырттан тартылып келинген инвестициянын көлөмү быйылкы 10 ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 эседен ашуун өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Алынган маалыматка караганда, өткөн жылдын 10 айында сырттан тартылып келинген инвестициянын көлөмү 32,5 миллион сомго барабар болгон. Ал эми быйылкы жылы 10 айда анын көлөмү 459,2 миллион сомго жетти, башкача айтканда, өткөн жылдагыдан 426,7 миллион сомго көп болду. Демек, өсүү темпи 1412,7 пайызды түздү.

"Ал эми ички жана тышкы инвестициянын жалпы көлөмүнүн өсүшү да жаман болгон жок. Эгер өткөн жылы 10 айда 1 миллиард 544,1 миллион сомдук инвестиция тартылган болсо, быйылкы жылы он айда анын көлөмү 1 миллиард 956,1 миллион сомго жетти. Демек, өткөн жылдагыдан 412 миллион сомдук инвестиция көп болуп, өсүү темпи 126,7 пайызды түздү", - дейт С. Умаров.

Эске сала кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 147 миллион сомдук инфраструктуралык курулуш иштери жүрүүдө. Ошондой эле чет элдик насыя, гранттын эсебинен шаардагы суу тармагын жаңылоо иштери бүткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий