• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад: Жергиликтүү бюджеттен медицина жана күч түзүмдөрүнө акча каражаты бөлүнөт

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коронавирус оорусунун калк арасында жайылуу коркунучун алдын алууда күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткан медицина жана шаардык ички иштер бөлүмүнө калаа бюджетинен атайын акча каражаты бөлүнөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүн бул маселе жергиликтүү эл өкүлдөрүнүн кезексиз сессиясында колдоо тапты.

Анын натыйжасында медицина кызматкерлерине 1 миллион, ал эми күч түзүмдөрүнө 2 миллион сом бөлүндү. Бул сумма аталган тармактардын ишин дагы да жандантуу боюнча керектелүүчү каражаттарды сатып алууга жумшалат.

Сессиянын күн тартибине жалпы бир маселе каралды. Ал ушул жылдын 11-мартында бекитилген шаардын 2020-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик тарабынан көтөрүлгөн сунуш-пикирлер депутаттар тарабынан талкууланып, бир добуштан колдоо тапты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин кесепеттин алдын алуу боюна ыкчам чечимдерди кабыл алуу аракеттери көрүлүп жатат. Бүгүндөн тарта калаада көчөдө жүргөндөргө жарандарга текшерүү күчөдү.

Пикир

Оставить комментарий