• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда 10 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында 10 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин курулушуна капсула салынды.

Мечитттин курулуш иштерин каржылоо жагын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев колго алган жана "Эл тилеги" фонду аркылуу демөөрчүлүк кылууну каалоочулар колдоо көрсөтсө болот.

Иш-чарага Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, жергиликтүүлөр катышты.

Мечиттин ичинде 10 миң адам, сыртында 5 миңге жакын адам намаз окууга ылайыктуу. Жер төлөсүндө 1000 унаага ылайыкташкан автоунаа токтотуучу жайы бар. Мечитте заман талабына жооп берген бардык зарыл шарттар камтылат.

"Буюрса, бул мечит мусулман коомунун ири борборлорунун бири болуп калат. Коомубуздун адеп-ахлагын, диний сабаттуулугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдеген ыйык жайга айланат. Курулуш иштерине президентибиз Садыр Жапаров да кол кабыш кылааарын белгилеп, жергиликтүү эл-журтка өз саламын айтты. Курулуш иштеринин жүрүшүнө мен өзүм көз салып турамын", - деди Ташиев.

Эскерте кетсек, жаңы курулуп баштаган бул мечиттин ордунда мурда 1990-жылдары ашар жолу менен курулган эски кичинекей мечит болгон. Жаңы мечиттин курулушу 2 жарым жылда аяктап, пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий