Жалал-Абадда 100 мектеп өрт өчүрүү жана медициналык шаймандар менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун район-шаарларындагы 100 мектепке өрт өчүрүү жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү шаймандар алынып келинди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар ЮНИСЕФтин "Коопсуз мектептер" долбоорунун алкагында каржыланып, жеткирүү жагы Кызыл Ай коомунун облустагы кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат. Жабдыктардын алгачкы бөлүгү бүгүн Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелерине бөлүштүрүлдү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова катышып, мектепте окуучуларга билим берүү менен катар коопсуздук чаралары да башкы орунда экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий