• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда 3 адам диний-экстремисттик агымдан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда профилактикалык иштердин натыйжасында 3 адам “Акрамий” диний-экстремисттик агымынан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-21-май күндөрү Жалал-Абад облустук милициясынын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Экстремист” аталышындагы ыкчам, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анын алкагында “Акрамий” диний-экстремисттик агымынан 3 адам, алар Сузак районунун тургундары 1971-жылы туулган Б.К., 1982-жылы туулган У.Ж. жана 1984-жылы туулган У.Д. баш тартып, бул жол туура эмес экендигин айтышып, жаштарга ар кандай диний агымдардан алыс болуу керектигин билдиришкен.

Азыркы учурда Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында ар кандай диний агымдардын активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандардын жалпы саны 550гө чукул болсо, профилактикалык иштердин натыйжасында жыл башынан бери 23 атуул экстремисттик агымдардын мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий