• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда 3 жаран диний-экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун үч мүчөсү өз ыктыярлары уюмдан баш тартты.

Облустук милициянын маалыматына караганда, милиция кзматкерлери тарабынан аймакта жүргүзүлгөн "Экстремист" операциясы учурунда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана профилактикалык түшүндүрүү иштеринин натыйжасында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун үч жараны аталган уюм туура эмес экендигин түшүнүшүп, өз ыктыярлары менен баш тартышкан.

Алар Сузак районунун 1948-жылы туулган .А. аттуу тургуну 2000-жылдан, ал эми Аксы районунун 1980-жылы туулган Г.Ж. жана 1986-жылы туулган К.А. аттуу тургундары 2010-жылдан бери тиешелүү каттоодо турушкан.

Пикир

Оставить комментарий