Жалал-Абадда 500дөн ашуун кызматкер декларация тапшырган эмес

Аймак 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 500дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырган эмес.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн теккшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренеси менен жалпы 535 укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштөр козголуп, соттук кароого жиберилген.

Сот органдары тарабынан 379 иш боюнча чечимдер кабыл алынып, укук бузуучулар жалпы 1 млн 254 миң сомдук айыппулга кириптер болушкан.

Учурда булардын ичинен 874 миң сом укук бузуучулар тарабынан төлөнүп, мамлекеттик бюджетке которулган.

Укук бузуучулардын басымдуу бөлүгүн муниципалдык кызматкерлер түзөт - 477, ал эми мамлекеттик кызматкерлер – 58, анын ичинде 18 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 1 райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, 1 биринчи вице-мэр, жергиликтүү соттордун аппаратынын 3 мамлекеттик кызматкери жана 1 мамлекеттик нотариус бар.

Пикир

Оставить комментарий