Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда 7 килограммдан ашуун гашиш баңгизатын саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенүүчү жактарды аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда "А" аттуу жаран баңгизатты (гашиш) сатуу менен алектенет деген маалымат алынган.
“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунда атайын тергөө аракеттери — “көзөмөлдөп сатып алуу” жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 417 грамм салмактагы гашиш баңгикаражатты төрт жолудан ашуун сатып алынган. Натыйжада анын өздүгү аныкталып, ал Тогуз-Торо районунун 1971-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Кайрадан жүргүзүлгөн “көзөмөлдөп сатып алууну” ишке ашырууда Сузак районунда Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаада алты килограммдан ашуун баңгикаражатты сатуу учурунда К.Т. аттуу жаран кармалган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 6 кг 940 гр салмактагы гашиш баңгикаражаты болгондугу аныкталган. Буга чейин сатылып алынган зат менен бирге жалпы салмагы 7 кг 357 гр түздү.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Пикир
Оставить комментарий