• 87
  • 90.44
  • 0.86

Жалал-Абадда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, “Аймира” коомдук фондунун, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча аткарылган жумуштар боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, аталган координацияык кеңешме министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшү боюнча программасы жөнүндө токтомунун негизинде уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий