Жалал-Абадда Аксы районунун кримавторитети делген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Аксы районунун кримавторитети делген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын дарегине ишкерлерден кайрылуу түшкөн. Анда 2023-жылдын октябрында биргелешкен бизнес жүргүзүү шылтоосу менен алардын ишенимине кирип, 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражатын ээлеп алган жаранга чара көрүп берүүнү суранышкан.

Арызда шектүү 1967-жылы туулган Кербен шаарынын тургуну, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн, мурда бир нече жолу соттолгон (каракчылык жана опузалоо) К.Р.К аттуу жаран экени көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда аталган жаран өнөктөштөрдүн кенде көмүрдү биргелешип өндүрүү жана сатуу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерин эртерээк аткаруу өтүнүчүн аткарбай, аларды күч колдонуу менен коркуткан.

2024-жылдын 22-майында кылмыш ишинин алкагында К.Р.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жарандын Жалал-Абад облусунда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК К.Р.К. тарабынан зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жана 0995 012210 (WhatsApp) ишеним номурларына кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий