• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү адистер менен биргеликте шаардагы бала бакчалардын санитардык абалы, азык-түлүктөрдүн сакталуу нормалары, балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты жана кышка карата даярдыгы боюнча жеринде мониторинг жүргүзүштү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, кыдыруу учурунда №1 Крупская атындагы балдар бакчасынын кампасынын эскилиги жетип, авариялык абалда экендигине күбө болушту.

Мындан сырткары, бакчанын короосундагы кооптуулук жараткан карт дарактарды кыйып салуу боюнча тапшырмалар берилди. Ал эми, №21 "Учкун" балдар бакчасына барган учурда бакчанын санитардык абалы, өрт коопсуздугу канаатандыраарлык эмес деп табылып, бакчанын айланасын иретке келтирүү боюнча иш алып барылбай жаткандыгын көргөн эл өкүлдөрү мекеме жетекчисине эскертүүлөрдү беришти.

№27 “Шүүдүрүм” балдар бакчасына балдар ойноочу аянтчага отургучтарды орнотуу зарылдыгы болсо, №14 “Ак тилек” жана №15 “Рябинушка” балдар бакчасынын короосуна асфальт басуу көйгөйү бар экендиги айтылды.

Ал эми №3 “Алтын бешик” жана №7 “Малышка” №8 “Теремок” балдар бакчасында балдарга берилүүчү тамак- аштын нормалары сакталбай жатканыдыгына күбө болушту. Жагдай боюнча комиссия курамы жетекчилерге жана ашпозчуларга эскертүүлөрдү беришти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык балдар бакчасы болсо, аларда 4 миңден ашуун бала тарбияланат.

Алдыда бала бакчаларды кыдыруу улантылат.

Пикир

Оставить комментарий