Жалал-Абадда банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда Жалал-Абадда кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгы жана банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Улуттук банктын Жалал-Абад башкармалыгынын жетекчиси Хусейн Акимбеков, жергиликтүү бийлик жана банк кызматкерлери катышты.

Облус башчысы саамалык менен жалпы катышуучуларды куттуктады. Өкүл ошол кездеги сомго байланышкан тарыхый чечим Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнө көз карандысыз экономикалык саясатты жүргүзүүгө жана инфляциялык процесстерди турукташтырууга өбөлгө болгонун белгиледи. Ага катар Эгемендүү Кыргызстандын улуттук валютасы "сом" – Кыргыз Республикасынын экономикалык, саясий жана маданий жашоосуна эбегейсиз салым кошконун айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунун район-шаарларында эмгектенген алдыңкы банк кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

Белгилей кетсек, КР өкмөтү тарабынан улуттук валютаны киргизүү боюнча сунуш Жогорку Кеңеш тарабынан 1993-жылдын 3-майында бекитилген. Ошол эле жылдын 10-майынан тартып Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий