• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абадда Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо милдетин аткаруу учурунда курман болгон жоокерлер эскерилди.

Иш-чарага президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Баткен коогалаңынын ардагерлери, каза болгон жоокерлердин жакындары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары, Баткен жергесинде мекендин тынчтыгын сактоо үчүн баатырларча курман болгон эр-азаматтардын эмгеги, алардын каармандыгы эч качан унутулбасын белгиледи. Аны менен катар, каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтты.

Белгилей кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына Жалал-Абад облусунан 2 миңден ашуун жоокер катышкан. Террорчулар менен болгон кагылышууда облустан барган 17 жоокер баатырларча курман болуп, 20га жакыны жараат алган. Учурда облуста 800дөн ашуун Баткен согушунун ардагери жашайт.

Пикир

Оставить комментарий