Жалал-Абадда Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 14-15-16-сентяьрь күндөрү Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлер эскерилип, куран окулду. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага маркумдардын жакындары, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сапарбек Токтосунов, облус мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада облус башчысы жоокерлердин жакындарына көнүл айтып, мындан ары өлкөдө ар дайым тынчтык болуусун тилеп, эл-жердин бүтүндүгү үчүн өз жанын аябаган эр азаматтардын элеси түбөлүккө сакталаарын белгиледи. Мындан сырткары, ал маркум жоокерлердин жакындарына облустук, райондук жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлгөн акчалай колдоолорду тапшырды.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта Жалал-Абад облусунан жалпы 10 жоокер курман болгон. Алардын жакындарына мамлекет тарабынан Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир жана акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий