• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегия башталды

Билим 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин Жалал-Абад облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегиясы башталды.

Иш-чара Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өтүүдө.

Коллегияга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, министрликтин өкүлдөрү, облустук, шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мектеп директорлору катышууда.

Коллегиянын жүрүшүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары жана PISA -2025 Эл аралык изилдөөсүнө даярдык жөнүндө баяндама жасайт.

Пикир

Оставить комментарий