Жалал-Абадда Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага мэрдин орун басары Айбек Жолдошев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун жакындарды, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасында Чернобыль апаатынын курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Айбек Жолдошев жакынын жоготкондорго көңүл айтып, оор жоготуулар менен коштолгон мындай кырсыктар кайталанбасын деген тилегин билдирди.

Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам катышкан. Учурда шаарда алардын 18и гана жашайт.

Пикир

Оставить комментарий