• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жалал-Абадда чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-январь күнү саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ж.Абдырахманов көчөсүнөн Түркия Республикасынын 37 жаштагы тургунуна бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы 2 бала келип, таш заводуна жеткирип коюну суранышып, чет өлкөлүк жарандын унаасына отурушуп, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караган сай тарапка барышып, аны коркутушуп, миң сомдон ашуун акчасын жана кол телефонун алып качып кетишкен.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 2003-ж.т. К.Б. жана Базар-Коргон районунун тургуну 2001-ж.т. А.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандар жасаган кылмыш ишин толугу менен моюндарына алышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий