• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата даярдыктар жүрүп жатат

Аймак 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалымат боюнча, шаар мэриясында майрамдык иш-чараларды даярдоо боюнча мэрдин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов атайын буйрукка кол коюп, 32 кишиден турган майрамды уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Ага шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү киришкен.

Шаар мэринин биринчи орун басары Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаардын бир катар аймактарында шаардыктар үчүн майрамдык шаан-шөкөттөр, спорттук иш-чаралар уюштурулат.

“Эгемендиктин 26 жылдыгына карата шаарыбыздын борбордук “Эркиндик” аянтында, Барпы атындагы драма театрынын адындагы аянтта, Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарында шаардыктар үчүн майрамдык сейилдөөлөр, концерттер, спорттук жана башка маданий иш-чаралар уюштурулмакчы. Шаардыктар ордо, шахмат, футбол, күрөш, таш көтөрүү, теннис, баскетбол, аркан тартуу оюндарына катыша алышат. Эң башкысы, биз майрамдоо учурунда шаардыктардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо чараларын көрөбүз”- дейт ал.

Шаар мэриясында шаардык кеңештин депутаттары быйылкы жылдын бюджетин али күнгө чейин бекитип бербей, майрам өткөрүүгө каражат бөлүнбөгөнүнө карабастан, жергиликтүү бийлик шаардыктардын көңүлдүү майрамдашын камсыз кылышарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий