Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу, 28 жаштагы А.К. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.
Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кетип, эл аралык террористтик уюмдун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга кирүүгө аракет кылган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” - “КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
Пикир
Оставить комментарий