• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жалал-Абадда гарнизондук саптык кароо өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Жалал-Абадда облустагы милициянын күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө байланыштуу гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саптык кароого Жалал-Абад облустук милициясынын борбордук аппаратынын, Кайгуул-күзөт кызматынын, Жалал-Абад шаардык милициясынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук милицияларынын, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн, ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамдары катышты.

Гарнизондук саптык кароодо облустук милициянын башчысы Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, кызматкерлерди тартипти бекем сактоого чакырды. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган талаптарды так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуу керектигин белгиледи.

Абитов ошондой эле ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери кылмышкерлерди кармоодон сырткары кайгулдоо багыттарына чыга тургандыгын айтты.

Ал ар бир бөлүм күжүрмөн даярдыкта болуп, өлкөбүздө кандай гана кырдаал болбосун стабилдүүлүктү сактоого, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө чакырды.

Соңунда кызматкерлер жана атайын техникалар салтанаттуу түрдө саптык жүрүштөн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий