• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абадда январь айында 163 наристе төрөлдү

Аймак 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жанырган жылдын биринчи айында жарык дүйнөгө келген ымыркайлар саны 163ү түзгөн. Бул тууралу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымына караганда, быйылкы жылы жаңы төрөлгөн ымыркайлар саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге жакын азыраак.
“Быйылкы жылдын биринчи айында төрөлгөн ымыркайлар саны өткөн жылдын ушул мезгилиндегиден аз. А бирок энелердин, ошондой эле төрөлгөн наристелердин ден-соолугу жагынан алганда баары жайында. Аларга өз убагында жардамдар көрсөтүлүп, камкордуктар көрүлдү. Төрөткө чейинда энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылы шаар аймагында энелер өлүмү катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий