• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абадда Ички аскерлердин курман болгон кызматкерлерине арналган аллея ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Жалал-Абадда бүгүн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата курман болгон ички аскерлердин кызматкерлерине арналган эскерүү аллеясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чарага министр Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин колбашчысы Дамир Алыбаев, аскер бөлүгүнүн жетекчилиги, ардагерлер, курман болгондордун туугандары жана ички аскерлердин кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чарада ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, бул баатырлар 1999-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта, өлкөбүздө болуп өткөн окуяларда, эли-журтубузду коргоп, курман болушкан эр-азаматтар экенин баса белгиледи.

“Алардын жаркын элестерин унутпай, үлгү катары көрсөтүп кетишкен эрдиктерин кийинки жаш муунга өрнөк кылып калтыруу максатында, сиздер менен биргеликте ушул аллеянын ачылышын жасап жатабыз.

Бул жер, жөн гана аллея болбостон, мекенге болгон сүйүүнүн жана биримдиктин символун чагылдырып, “намыс - өмүрдөн кымбат” экендигин ачык көрсөтүп, даңазалап турат”, - деди ИИМ башчысы.

Ошондой эле, саамалыктын жүрүшүндө гүл коюу аземи бир мүнөттүк эскерүү жана курман болгондордун жаркын элестерин эскерүү сөздөрү айтылды.

Аллея Жалал-Абад шаарынын жаштарынын жана жалпы жарандык коомдун патриоттук, руханий жана мамлекеттик тарбиясын чыңдоого багытталып, баатырдык менен курман болгондордун ысымдары жазылган эстелик ташы орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий