Жалал-Абадда ички сел каналдар тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Жалал-Абадда ички сел каналдар тазаланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн Тогуз-Торо районунда жайгашкан Чарабай сугат сел каналынын 1000 метр аралыгын тазалоо жумуштары башталды.

Аталган аймакты тазалоого жергиликтүү бийлик тарабынан оор техника бөлүнүп күйүүчү май менен камсыздалып, жумуш жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Аталган сел канал тазаланса 60 кожолук сел кооптулугунан корголот.

Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунун аймагында жергиликтүү бийлик тарабынан 336 985 метр сел канал кол каражаттары жана техникалардын жардамында тазаланып, калктуу конуштар жана айдоо жерлер, социалдык объектилер, ички чарбалык жолдор сел кооптуулугунан коргоолууда.

Пикир

Оставить комментарий