Жалал-Абадда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 25-августта, саат 05:11де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий