Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда саат 02:37де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий