Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бүгүн саат 18:09да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чаткал районунун Терек-Сай айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Ала-Бука айылынан түндүк батышка карай 29 чакырым, Аксы районунун Кашка-Суу айылынан батышка карай 35 чакырым, Кербен шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Терек-Сай, Бузук айылдарында — 4,5 балл, Ала-Бука, Сары-Талаа, Кызыл-Токой, Айгыр-Жал, Кашка-Суу айылдарында — 4 балл, Кербен, Жерге-Тал, Достук, Ак-Коргон айылында жана Сумсар айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жердин силкинүүсүнөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий