• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 21-октябрь күнү саат 05:08де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий