• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Жалал-Абадда көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун I лигасынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун I лиганын жеңүүчүсү аталган "Жаштык" командасынын спортчуларын сыйлады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы спортчуларды куттуктап, Дүйнөлүк кубокто облустун намысын коргоп, улуттук оюнду жайылтууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ага катар акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, 13-20-августта көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстанда өткөрүлдү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын командалары катышкан.

Жлал-Абад облусунун көк бөрү боюнча "Жаштык" коммандасы финалдык беттеште Россиядан келген "Красноярск" клубун 7:1 эсебинде женип, биринчи лиганын жеңүүчүсү аталган.

Пикир

Оставить комментарий