Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков көп балалуу энелерге "Баатыр эне" орденин тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы өлкөнүн коргоочусу, келечеги болгон уул-кыздарды төрөп-өстүрүп жаткан энелерге бекем ден соолук каалап, ыраазычылык билдирди.
Учурда Жалал-Абад шаарында 227 "Баатыр эне" бар.
Пикир
Оставить комментарий