• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абадда кар астында калгандарды издөө иштерине кошумча күчтөр тартылды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар астында калгандарды издөө иштерине кошумча күчтөр тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун (Көк-Арт ашуусу) болжол менен 332-чакырымында жана 338-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкери кар астында калган.

Бүгүн унаа жолундагы тоннелдин түштүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары М. Токтосуновдун жетекчилигинде Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн башчысы, №2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Гидрометеорология агенттигинен 4 кызматкер, ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан кыймылдоо башкаруу пункту менен ыкчам тобу, ӨКМдин Республикалык өзүнчө-куткаруу отрядынан 21 куткаруучу тартылды.

Ал эми Чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинолог, тез жардам кызматынан 1 бригада жана 2 атайын техника тартылды.

Жалпы 46 куткаруучу издөө иштерине тартылды.

Пикир

Оставить комментарий