• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда Карылар күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Карылар күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Карылардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарды “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жана "Sky hall" эс алуу жайы тарабынан улгайган адамдар үчүн маданият кызматкерлеринин коштоосунда сый-тамак уюштурулду.

Ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, "Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.

Майрамдык кечеге 70 адам чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий