• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Жалал-Абадда катуу шамал турак жайлардын чатырын учурду

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Жалал-Абадда катуу шамал турак жайлардын чатырын учурду, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун Кербен шаарында жана Кош-Дөбө, Кара-Камыш айыл өкмөттөрүндө катуу шамал турак жайлардын чатырын учургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери тактоо жумуштарын алып барууда.

Жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында 17 турак жайдын жана 1 социалдык объектинин чатырын шамал учургандыгы аныкталган.

Катуу шамалдан жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келген эмес.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий