• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда селден кийинки тазалоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.05.22. /Кабар/. 28-майда Жалал-Абад шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту колоттон чогулган суулар 17 турак жайды, 1 көп кабаттуу үйдүн, 5 мамлекеттик жана 3 жеке менчик объектилердин короолорун, жер төлөлөрүн сел суулар каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн 50 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен түнү менен сел суулар сордурулган.

Белгиленгендей, 29-май күнү таң эрте шаар аймагындагы Жарандык коргонуу кызматтарына "Айгай" жарыяланып, 141 кызматкер 14 техника күжүрмөн даядыкка келтирилди.

"Сел суусу менен кошо агып келген кум шагылдар техника жана кол каражаттарынын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий