• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жалал-Абадда кооптуулук жараткан дарыя жээктери бекемделет

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Сузак жана Базар-Коргон районундагы Көк-Арт, Кара-Үңкүр дарыясынын калктуу конуш жана эгин аянттарына коркунуч жараткан участкаларындагы абалды жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматкка ылайык, үстүбүздөгү жылдагы жаан-чачындан улам дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп Сузак районундагы 6 участкада кооптуулук жаралган. Кызыл-Туу айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясынын 5 чакырым аралыгын бекемдөө муктаждыгы бар. Буга чейин Кара-Дарыя айылындагы 2 чакырым дарыя жээгине дамба куруу каралган болсо, бүгүнкү күндө анын 637 чарчы метр аралыгы бүткөрүлгөн. Каржылоо өткөн жылдагы пандемиялык абалга байланыштуу токтоп турат.

Кыдыруунун жүрүшү Базар-Коргон шаарындагы Кара-Үңкүр дарыясынын Көкчө-Көз участкасында болуп, суу ташкындарынын алдын алуу багытындагы маселелер талкууланды. Облус башчысы тийиштүү кызматтарга жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берди. Бул багытта кошумча керектелүүчү каражат маселесин чечүү жолдору каралаарын айтты.

ӨКМдин Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин облустук бөлүмүнө караган 72 коргоочу тосмо бар. Ал аймактарда жайгашкан 8 миң 144 турак жайды жана айыл чарба жерлерин суу ташкындарынан коргойт. Аталган бөлүм бул жылы жалпы 9 объектти бүткөрүүнү пландаса, анын экөөсүндө жумуш аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий