• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда курал колдонуп, оор кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда курал колдонуп, оор кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 27-июлуна караган түнү саат 04:35тер чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан чалышып, Жалал-Абад шаарынын 59 жаштагы Б.Т., аттуу тургуну белгисиз ок атуучу куралдан жараат алып, ооруканага түшкөндүгү кабарланган.

Милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Окуя Сузак районундагы Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан газ куючу жайлардын биринде болгон.

Жалал-Абад шаарынын 59 жаштагы Б.Т., аттуу тургуну жумуш ордундагы вагондун ичинде уктап жаткан учурда бейтааныш эки жаран беткап менен кирип келип, колундагы газ баллон менен көзүнө чачкан. Ошондой эле белгисиз жаран тапанчасы менен Б.Т., аттуу жарандын ичине бир жолу атып, акча талап кылышкан. Андан кийин окуя болгон жерден изин жашырышып кетишкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча материал Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Шектүүлөрдү колго түшүрүү максатында Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан, ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Суу районун 22 жаштагы К.Ж., аттуу тургуну кармалган. Ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Шектүүнүн көрсөтмөсүндө окуя качан болгонун жана шериги "Фарух" аттуу бала менен жогорудагы кылмышты жасашкандыгын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айга камакка алынып, Базар-Коргон районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып, тергөө тапшырмасынын негизинде "Фарухтун" өздүгү жана жашаган дареги аныкталган. Ал Базар-Коргон районунун 25 жаштагы А.Ф., аттуу тургуну экендиги жана мурда оор берене менен соттолгондугу такталган. Учурда издөө иштери улантылууда.

Белгилеп кетүүчү жагдай, ушул эле жылдын 7-август күнү Базар-Коргон районунун 1957-жылы туулган Х.Ж., аттуу тургуну милицияга арыз жазган. Анда 6-августтан 7-августка караган түнү саат 03:00дөр чамасында 25-30 жаштагы азият улутундагы беткап кийген үч атуул үй ээсин, аялын жана баласын кошуп байлап, уруп, акча талап кылышкан. Аларга караштуу дүкөндүн кассасынан 2 миң сомго жакын акчаны алып чыгып кетишкендиги жазылган.

Аталган факты боюнча арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун тургуну мурда соттолгон 22 жаштагы К.Ж., аттуу жигит кармалган. Тергөөдө шектүү кылмыш жасаганы, колдонгон куралдарды Базар-Коргондук "Сирожидин" аттуу киши алып келип, окуядан кийин кайра алып койгондугу туурасында көрсөтмө берген.

Кылмыштуу топту курал менен камсыздаган негизги уюштуруучунун бири аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатта ыкчам иликтөө иш-чаралары андан ары улантылып, шектүү катары мурда соттолгон Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ж.С., аттуу жаран кармалган.

Анын жашаган үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 даана ок атуучу курал, аларга тиешелүү бир топ ок-дарылар жана бир даана кара түстөгү кастет алынган. Шектүү Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айга камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, жогорудагы топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий